Аксыда президиум болду
2023-жылдын 9-февралында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- 2022-жылдын жыйынтыгы;
- 2023-жылдагы аткарыла турган иштерди пландаштыруу жана талкуулоо;
- 2023-жылдын сметаларын бекитүү;
- Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин 2023-жылда «Массалык маалымат каражаттары менен кеңири иш жүргүзүү» боюнча кабыл алган жарлыгына ылайык жигердүү иш жүргүзүү жагы белгиленди.
Жыйында жогорудагы маселелер каралып, иш план жана смета бекитилди, ошондой эле 2022-жылдын жыйынтыгында билим жана кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинде бир топ жакшы иштер аткарылгандыгы белгиленип, жакшы деген баа берилди.
Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети