Аксыда Нооруз майрамы белгиленди
Аксы районуна караштуу Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү Нооруз майрамын белгилешти.
Нооруз күнү, күн менен түн теңелип,жерге жан кирип, кыргыздардын жаңы жылы белгиленет. Жер жарылып чөп чыгып, жер бети жаңыланып жан кирет. Мына ушул күндү жакшы маанайда, даамдуу тамак- аштар,оюн -зоок менен мектептин жамааты тосуп алышты. Кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган иш-чара, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Уюмдун төрайымы Н.Тотоева кесиптик бирлик мүчөлөрү арасында ырлардын, улуттук колориттеги буюмдардын, улуттук тамак-аш конкурсун уюштурду. Мектептин жамааты өз таланттарын, чеберчиликтерин, кол өнөрчүлүктүн көргөзүштү. Жеңүүчүлөргө, активдүү катышкандарга профсоюз уюму тарабынан белектер берилди. Мектептин директору Урустемов Калыбек агай, жамаатка каалоо тилек айтып, ийгилик каалады. Майрамдык иш-чара кесиптик бирликтин райондук комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Маалыматты даярдаган: баштапкы кесиптик бирик уюмунун төрайымы Н.Тотоева