Аксы районундагы билим берүү кызматкерлеринин эс алуусу
Аксы райондук билим берүү кесиптик бирлигинин 2021-2022-окуу жылында 13 профсоюз мүчөлөрү Ала-Тоо, Ысык-Көл эс алуу үйлөрүндө, Көгүлтүр Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ысык-Ата санаторияларында эс алышып, ден соолуктарын чыңдап кайтышты.
Эс алууда болгон профсоюз мүчөлөрү кесиптик бирликтин Борбордук комитетине жана областтык кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: Аксы райондук КБКнын адиси Н.Касымов