Аксы районундагы билим берүү кызматкерлеринин эс алуусу
Аксы райондук билим берүү кесиптик бирлигинин 2021-2022-окуу жылында 13 профсоюз мүчөсүн Ала-Тоо, Ысык-Көл эс алуу үйлөрүндө, Көгүлтүр Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ысык-Ата санаторияларында эс алышып, ден соолуктарын чыңдап кайтышты.
Эс алууда болгон кесиптик бирлик мүчөлөру Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине жана кесиптик бирликтин областтык комитетине ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Касымов