Аксы районунда жылдын мыктылары аныкталды
2022-жылдын 16-апрелинде Аксы районунда «Жылдын мыкты мугалими-2022», «Жылдын мыкты тарбиячысы-2022», «Жылдын мыкты класс жетекчиси-2022» кароо- сынагынын райондук туру болуп өттү. Сынактын жүрүшүн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия көзөмөлдөдү. Кароо-сынактын жыйынтыгында «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагынын жеңүүчүсү Ж.Мамытбеков орто мектебинин тарых мугалими Кочконбаева Ойгул, «Жылдын мыкты класс жетекчиси-2022» сынагынын жеңүүчүсү Т.Сатылганов орто мектебинин мугалими Курбанова Сабида болду. Ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2022» сынагынын жеңүүчүсү №15 «Гүлкайыр» бала бакчасынын тарбиячысы Рыскулова Бактыгул табылды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Эмилбек уулу жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков тапшырышты. Сынакка активдүү катышкандарга акчалай сыйлык жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов