Аксы районунда бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди
28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата Аксы районунун Кербен шаардык башкармалыгына караштуу №1 С.Качыкеев атындагы орто мектебинде баштапкы профсоюз уюму тарабынан уюмштурулган «Эмгек эрезеге жеткирет» деген темада майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков окуучулар менен мугалимдерге Эмгекти коргоо күнү боюнча кыскача маалымат берди жана райкомдун укук жана эмгекти коргоо техникалык инспектору Н.Сатылганов бул боюнча кеңири баяндама жасады. Иш-чаранын акырында мектеп жамааты менен окуучулар уюштурган чакан концерттик программа коюлуп, андан сон майрамдын урматына мектеп айланасын тазалоо иштери уюштурулду.
Маалыматты даярдаган: Укук жана эмгекти коргоо техникалык инспектору Н.Сатылганов