Акимге «Профсоюз кыймылынын Отличниги» төш белги сыйлыгы тапшырылды
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясы тарабынан 2017-2018 окуу жылына карата мыкты мектеп, мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана мыкты мугалим, мыкты тарбиячы кароо-сынагы жарыяланган.
2018-жылдын 9-октябрында райондук маданият үйүндө «мугалимдер күнүнө» карата салтанатта кароо- сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Джудеев Калысбек Асаншаевич тарабынан кароо-сынакка активдүү катышкан мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерге, мугалимдерге, билим берүү кызматкерлерине «Ардак Грамоталар» тапшырылды.
Кароо-сынактын жобосунун негизинде жеңуучү деп табылган Барскон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектеби , Кызыл-Суу айылындагы С.Абдрахманов атындагы орто мектеби , Саруу айылындагы «Нур» мектепке чейинки билим берүү мекемеси, Кызыл-Суу айлындагы «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекемеси жеңүүчү деп табылып «Ардак Грамоталар» жана ар бирине 90 000 сомдон ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнө 33 000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Жалпы 393 000 акчалай сыйлык тапшырылды.
Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы орто мектебинин мугалими Замира Капалова «Мыкты мугалим» наамына ал эми Кызыл-Дыйкан айылындагы « Бал-Таттуу» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Шукурканова Айнура «Мыкты тарбиячы» наамына татыктуу болушуп Түркия мамлекетиндеги Анталия шаарындагы эс алуу жайында эс алууга жолдомо аким Калысбек Асаншаевич тарабынан берилди.
Ушундай Анталия шаарына эс алуу жайында эс алууга жолдомо КР ЖК депутаты Данияр Аттокуров тарабынан билим, тарбия берүүдөгү жетишилген ийгиликтери үчүн А.Арстакеев атындагы орто мектебинин директору Иргебаев Анарбекке тапшырылды.
2018-2019-окуу жылына карата мыкты мектеп, мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана мыкты мугалим, мыкты тарбиячы кароо-сынагына 1 000 000 сом акчалай жана чет өлкөгө эс алууга жолдомолор берилээрин Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрация башчысы-аким Джудеев Калысбек Асаншаевич тарабынан жарыялады.
Жети-Өгүз райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан жогорудагыдай билим берүү тармагына жакшы көңүл буруп, окуучулардын билим алуусуна, мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүп, акыркы эле жылдары 15тен ашуун мектептер жаңы салынуусуна жана 14 мектепке чейинки билим берүү мекемелери жаңы ачылуусуна, 300 дөн ашуун иш орундары түзүлгөндүгүнө зор салым кошкондугун эске алуу менен Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Джудеев Калысбек Асаншаевичке КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин «Профсоюз кыймылынын Отличниги» төш белги сыйлыгы мугалимдердин салтанатында тапшырылды.
Ө.Молдокматов