Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акен Илебаева атындагы райондук «Жыл мугалими-2017» сынагы жөнүндө

                 2017- жылдын 10-11-12- октябрь күндөрү  билим берүү  кызматкерлери менен Тоӊ райондук билим берүү  бөлүмү   менен бирдикте  атайын иштелип чыккан Жобонун  негизинде  билим берүүнү  жанылантууда педагогикалык кызматкерлердин   профессионалдык чеберчилигин  арттыруу, коомдо билим берүүнүн  артыкчылыктарын бекитүү, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген алдынкы мугалимдерди аныктоо, райондогу  мугалимдердин иш-тажрыйбасын  жайылтуу  максатында  «Акен Илебаева атындагы райондук «Жыл мугалими-2017»  сынагы  өткөрүлдү. Бул сынак Ж.Алтымышбаев атындагы мектептин  залында  өткөрүлгөн  сынакка райондогу  30 мектептен  катышкан  мугалимдерден  15 мугалим  1-чи турдан өтүп, 2-турга  катышып, алдынкы  орун  үчүн  өздөрүнүн  болгон  чыгармачылык жөндөмүн, сабакты  окутуунун  ыкмаларын көрсөтүп, билим берүүнүн  болгон артыкчылыктарын  көрсөтүүгө аракеттеништи. 12-май 2017-жылы  сынактын жыйынтыгы чыгып  Гран-приге Т.Мырзамамбетов  атындагы орто мектептин  мугалими Саданбекова Айнура, 1-орунга  Ж.Алтымышбаев  атындагы орто мектептин  мугалими Абдрахманова Асел, 2-чи орунга  Ж.Боконбаев  атындагы орто мектептин  мугалими  Токторгазиева Арзымкул, А.Салиев атындагы орто мектептин  мугалими Исмаилова Лаура, 3-чу   орунга  Б.Алаков  атындагы  орто мектептин  мугалими Чойбашева  Динара, Токтобай у Шамей  атындагы  орто мектептин  мугалими  Чалабекова Алтынайлар ээ болушту. Алдынкы  орунга ээ болушкан  мугалимдерге  баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

                              

 

Билим беруу кызматкерлеринин

кесип бирлигинин Тоӊ райондук

комитетинин төрагасы                                                                               К.Жумабеков