Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак калпак Ала-Тоонун символу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультети Жаштар кеңешине караштуу студенттик баштапкы кесиптик бирлигинин уюштуруусу менен “5-март – Ак калпак күнү!” расмий датага карата "Ак калпак Ала-Тоонун символу" деген аталышта ачык тарбиялык сабак өтүлдү. Сабактын мазмуну тарбиялык жана таанып билүүчүлүк маалыматтарга аябай бай болду. Анда студенттер калпактын тарыхы тууралуу, калпактарга түшүрүлүүчү оюулардын аталыштары, маани-маңызы, тустөрдүн берилиши жөнүндө көрсөтмөлүү баяндамаларды жасашып, кызыктуу талкуу болду. Калпак жөнүндө макал-лакаптар айтылып, ырлар окулуп, музыкалык чыгармалар аткарылды Баарынан да дүйнөнүн биринчи космонавты Ю.А.Гагариндин кыргыз калпагын кийген сүрөтү жаштардын патриоттук сезимин козгоп, кыргыздын улуттук баш кийимине сый-урмат пайда кылды, аны барктай билүүгө дем берди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова