Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айымдардын майрамына арналган волейбол жыйынтыкталды

ОшМУнун кесиптик бирлик комитети  8-март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата салтка айланган “Волейбол” мелдешин жыйынтыктады.

Мелдешке институт, факультет жана колледж, лицей жана гимназиялардан  жалпы 18 команда катышкан. Оюнчулар мыкты деңгээлде оюн көрсөтүп жыйынтыгында институт, факульеттерден  биринчи орунду Кыргыз-Кытай факультети, ал эми колледж жана лицей гимназиялардын  арасынан I орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи жеңип алды.

Жеңүүчү командалар:

I орун-Кыргыз-Кытай факультети;

II орун-Медицина факультети;

III орун-Экономика, бизнес жана менеджмент институту;

IV орун-Филология жана маданият аралык коммуникация институту.

 

I орун-Индустриалдык-педагогикалык колледжи;

II орун-STEM инновациялык колледжи;

III орун-Финанансы юридикалык колледжи;

Ivорун-Эл аралык билим берүү прогаммалары колледжи.

Жеңүүчүлөргө ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров диплом, кубок жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.