Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айымдардан ыр белек

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенген айымдар 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Айымдардан ыр белек» аттуу майрамдык концертин туртуулашты.

Майрамга арналган иш-чарага окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова баш болгон прфессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышышты. «Мурда бул күн Советтик армиянын жана аскер-деңиз флотунун күнү деп белгиленип келген. Өлкөбүз эгемендик алган жылдан тартып Ата-Мекенди коргоочулар күнү катары майрамдалып келет. Бул майрам келечек муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо зор күчкө ээ. Менин түшүнүгүмдө Ата-Мекенди коргоочу - бул бир гана аскер кийимин кийген жоокерлер эле эмес. Бул-өлкөбүздүн эканомикасына, элибиздин саламаттыгына, келечек муундардын татыктуу билим алуусуна, маданиятыбыздын өсүп өнүгүүсүнө эмгегин арнаган ар бир жаран. Андыктан дагы бир ирет  мекен үчүн чын дили менен кызмат кылып жаткан баардык мекендештеримди, кесиптештеримди, агай-эжейлерди, профессордук окутуучулар курамын бүгүнкү каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм! Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!» -деди ректор К.Усенов өз сөзүндө.

Майрамдык кечеде аскер кийимин кийген эжейлер жагымдуу чыгармаларды аткарышып, майрамдык маанай тартуулашты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова