Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүлдү

Жалал-Абад областынын Сузак районунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча «Үч тараптуу макулдашуулардын» жүрүшү, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр, алардын иш жүзүндө аткарылышын талкуулоо максатында Билим жана илим кызматкерлерин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги билим берүү кызматкерлеринин арасынан жаңы шайланышкан 50дөй айылдык Кеңештердин депутаттары менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун башында Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев айылдык Кеңештин депутаттыгына жаңы шайланышкан билим берүү кызматкерлерин куттукташты жана алардын иштерине ийгиликтерди каалашты.

Андан кийин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ш.Тажидинова, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу М.Усмановдор билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, билим берүү уюмдарында эмгектенүү шарттарын түзүү, алардын материалдык-базасын чыңдоодогу айылдык Кеңештин депутаттарынын, билим берүү тармагынын жетекчилеринин жана кесиптик бирлик уюмдардын ааткара турган иштери жөнүндө кеңири баяндамаларды беришти. Айылдык Кенештин депутаттары да өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришип, биргеликте аракеттене турган болсок бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айтышты.

Жолугушууда төмөнкү маселелер кеңири талкууланды:

- Айыл Өкмөттөрү тарабынан билим берүү кызматкерлеринин шарттарын түзүү үчүн көмүр, электр тогуна жана коммуналдык кызматтарга төлөп берүү үчүн каражаттар жөнүндө.

- Мугалимдердин квартира чыгымдарына жардам берүү.

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесине ылайык жаш адистерге бир жолку берилүүчү жөлөкпулу жөнүндө.

- Билим берүү кызматкерлерин медициналык кароодон акысыз өткөрүү.

- Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алууларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен көмөктөшүү.

- Эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн акча каражаттарынын булактарын издөө;

- Окуучулардын жайкы эс алууларын уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүштурүүгө сунуштарды берүү.

Жаңы шайланган депутаттар билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүү багытында талыкпай биргеликте иштеп берерин билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын инспектору М.Примкулов