Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айтматов ааламындагы сыйкырдуу дүйнө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринде жана бала бакчаларында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар кызуу өткөрүлуүдө. Атай кетсек 2018-жылдын 7-декабрында №4 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде облустук семинар болуп, Жалал-Абад облустук усулдук борбордон Ж.Жолдошева, облустун аймактарынан өкүлдөр,мектеп директору жана ьаш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев, шаардык кеңештин төрагасы С.Сансызбаев, ШБББнүн жетектөөчү адистери, ШБББнүн окуу-тарбия иштери боюнча инспектору Г.Эргешова да катышып күбө болушту.

 Облустук семинар жогорку деңгээлде өтүп №4 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдерине, окуучуларына, жалпы жамаатына ыраазычылыктар айтылды. Мындай иш чаралар шаарыбыздын бала бакчаларында дагы активдүү журуп жатат. "Байчечекей" бала бакчасынын баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Мамутова Зейнеп Каратановна  өзү баш болуп, жаштарга үлгү болчудай сабактарды өтүп келет.

 

Даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева