Айлык акылар боюнча семинар
Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №181 токтому менен бекитилген “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлоруна семинар өткөрүлдү.
Семинарда (7040 сом) өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын жана эмгек акысынын эсептелиши негиз болуп саналаары, жалпы билим берүү кызматкерлеринин тарифтик ставкасынын өлчөмү (7040 сом) кызматтык маяналарга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү менен эсептелүү жолдору берилди. Ошондой эле жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору тарификациялардын негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүштү.
Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова