Эмгек акы маселеси боюнча семинар
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин уюштуруусу менен Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы М.Утурбаева эмгек акыларды туура эсептөө жана берилиши тууралуу шаардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында семинар өткөрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндөгү” токтомун ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 30-мартында Таш-Көмүр шаарындагы №14 “Үмүт” балдар бакчасынын кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуп маалымат берди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров