Афган ардагерлери менен жолугушуу
17-февралда Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети билим берүү тармагында иштеп жаткан Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Билим берүү тармагында иштеп жаткан 28 ардагер болсо, айрымдары ден-соолугуна байланыштуу келе албай калса, калгандары катышып, куттук сөздөрүн айтышып, ыраазычылыктарын төмөндөгүдөй билдиришти: «Кесиптик бирлик комитети дайыма бизди унутпай көңүлдү көтөрүп, чыныгы элдик уюм экендигин айгинелеп келүүдө. Башка тармактардын кесиптик бирликтери мындай иш-чара өткөрүшпөйт, андыктан биз эки эсе кайрат, күч менен иштөөгө милдеттүүбүз.»
Иш-чаранын соңунда ОПКнын төрагасы С. Тойгонбаев майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, кесиптик бирлик тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети