Адабий-музыкалык компазиция көргөзүлдү
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн №224 буйругунун негизинде райондук деңгээлде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына карата Акман айыл аймагында жайгашкан №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин мугалимдеринин чыгармачыл көрүнүштөрү тарыхый, адабий -музыкалык компазицияда көргөзүлдү.
Иш чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, ЖТР телевидениесинин журналистери, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук бирикмесинин усулчулары, мектеп мугалимдери, окуучулар жана айыл тургундары катышты.
Иш чарада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына арналган сахналаштырылган тарыхый, адабий -музыкалык компазиция көргөзүлүп, кыргыз тилибиздин ролу, ордуу, жаштардын кыргыз тилине болгон көз караштары айтылды. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жетишкен ийгиликтери үчүн алдынкы мугалимдерге Базар-Коргон райондук комитетинин Ардак Грамоталарын тапшырды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети