8-март аялдардын эл аралык майрамына карата волейбол боюнча мелдеш
Бул жылы да кесиптик бирлик тарабынан жылда өткөрүлүүчү айымдар арасында “Волейбол” мелдеши болду. Мелдештин максаты профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө болду.
Профессордук-окутуучулук курамдын арасынан ОшМУнун волейбол мелдешине 12 факультет, 5 колледж катышты. Мелдеш 2-3-март күндөрү болуп өттү. Факультеттер арасында жеңүүчү командалар төмөнкүлөр:
1-орун Педагогика, психология жана дене тарбия факультети
2-орун ОшМУнун Администрациясы
3-орун Табият таануу, туризм жана агрардык технология факультети
Колледждер арасында алдыңкы орундарды төмөнкүлөр ээлешти:
1-орун Индустриалдык – педагогикалык колледжи
2-орун Финансы–юридикалык колледжи
3-орун Медициналык колледжи
Мелдеште жеңген командаларга ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров куттуктоолорун айтып, диплом, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова