Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

8-март - Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен иш планынын негизинде 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата “Энелер – камкордуктун, мээримдүүлүктүн   жана чексиз сүйүүнүн символу" аттуу мектеп директорлорунун жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорунун арасында волейбол оюнунун райондук туру өткөрүлдү. 

Волейбол оюнун уюштуруунун максаты:

- Билим берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин куттуктоо жана алардын арасында спорттук оюндарды жандандыруу;

- Билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо багытында массалык иштерди жүргүзүү;

- Билим берүүчү мекемелер арасында достук байланыштарды күчөтүү;

- Билим берүү кызматкерлеринин арасында алдынкы спортсмендерди аныктоо;

- Спорттун ден соолукка тийгизген таасири жана ага үгүттөө.

Оюнга жалпысынан алты команда катышып, төмөнкүдөй орундар менен камсыз болушту:

1- орун – Төмөнкү аймактын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору;

2- орун-  Жогорку аймактын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору;

3- орун- Ортоңку аймактын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору

Катышуучуларга баалуу белектер, женүүчү деп табылган командаларга кубок жана медалдар тапшырылды.

Волейбол оюнун жалпы катышуучуларына сый тамак берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети