Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

8- Март майрамы белгиленди

      Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети жакын өнөктөшү болуп эсептелген Лейлек райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте 8-март- Аялдардын эл аралык майрамын чогуу тосушту.  Майрамдык салтанатты  Лейлек райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы И.С Ниязалиева ачып, өз сөзүндө  азыркы билим берүү тармагында эмгектенип жаткан аялзаттарына опол тоодой жасап жаткан эмгегине токтолуу менен салтанатты уюштуруучуларына ыраазычлык билдирди.

   Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан салтанаттын катышуучуларына белектер берилди.