70 жылдык белгиленди
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети менен Жалал-Абад областтык билим берүүнүн Усулдук Борборунун жамааттары үчүн тарыхый-майрамдык күн болду. Жалал-Абад областынынын билим берүү тармагын түзүүчүлөрүнүн бири жана областтык билим берүү башкармалыгында, областтык усулдук борбордо жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинде 1991-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Анарбай Турдубаевич Бегматовтун 70 жылдык юбилейи белгиленди.
Областтык жетекчилер тарабынан куттуктоо баракчалары менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жогорку сыйлыгы “Областтык кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси тапшырылып, жакшы каалоо-тилектер айтылды.
А.Т. Бегматов областтын жетекчилери-обкомдун төрагасы М.Примкулов менен Усулдук борбордун директору А.Токтосунов жана катышуучуларга кызуу куттуктоолору, белектери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жалал-Абад областынын райондук, шаардык комитеттеринин, баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагалары жана областтык комитеттин жамаатынын атынан Бегматов Анарбай Турдубаевичтин 70 жылдык юбилейи менен куттуктайбыз!
Маалыматты даярдаган: А.Айдаров, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору