3-март - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ!
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комититетинин Жаштар кеңеши окуу жайыбыздын студенттеринин жаштар комитети менен биргеликте 3-март - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнүн 30 жылдык мааракеси болгон расмий датага карата “ЖАМУнун жалындуу жаштары” – деген аталышта флешмоб уюштурушту. Анда бардык адистиктердин студенттеринен түзулгөн атайын топту комитеттин жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усенов жетектеп, патриоттук мазмундагы ыр саптарын көркөм окушуп, шаардын көчөлөрүн кыдыруу менен борбордук аянтта шаардык мерия тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышышты. https://youtu.be/k5dfZnvsVhs (Шилтеме боюнча көрүнүздөр)
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова