28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү
Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык 28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата атайын жумалык жарыяланган. Анын негизинде баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтсак, эмгекти коргоо жана коопсуздук темасында тегерек стол, спорттук оюндар, жаш адистерге инструкциялар жана коопсуздук боюнча рейддер уюштурулду.
Ошондой эле эмгек китепчелеринин туура толтурулушу, коопсуздук журналдарынын, инструктаж китепчелеринин жүргүзүлүшү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
№29 Мирзаходжаев, №3 Р.Алибаев, №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектептеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан ардагер мугалимдерден кабар алуулар, ал эми №42 Давлетов, №7 Төрөгелдиев, №28 Ч.Айтматов, №31 Татыкулов мектептеринде жана №9 “Байчечекей”, №8 Казипа, №29 Иса агай, №22 “Гулкайыр” балдар бакчаларында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Андан сырткары №14 “Нооруз”, №42 “Нура-Айым”, №7 “Актилек”, №28 “Алтын уя”, №11 “Айнуру” балдар бакчаларында жана №6 “Арал”, №26 Анаркулов, №8 Орозматов мектептеринде тегерек стол уюштурулду.
Өзгөчө №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинде “Коопсуз мектеп - коомубузга маанилүү” темасында Ноокен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы менен биргеликте тегерек стол өткөрүлүп, кызматкерлерге жемиштүү иш-чара болду.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров