Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2022-жылдын мыкты тарбиячысы кароо-сынагы өткөрүлдү

2022-жылдын 11-12-апрель күндөрү Базар-Коргон шаарындагы №2 А.Нишанбаев атындагы орто мектебинде “2022-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Сансызбаева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана 45 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ичинен тандалып алынган тарбиячылар катышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды, баш байгени №33 Айшоола балдар бакчасынын тарбиячысы А.Жаркынбаева, 1-орунду №32 Умсунай балдар бакчасынын тарбиячысы Ж.Ураимова, 2-орунду №38 Гулдесте балдар бакчасынын тарбиячысы А.Калматова, 3-орунду №10 Кызгалдак балдар бакчасынын тарбиячысы Махмуджан кызы А. ээлешти.

“2022-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Сансызбаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев куттукташты.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев профсоюз комитети тарабынан мугалимдерди колдоп, кубаттап келе жаткандыгын билдирип, кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Сынактын катышуучулары колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов