2022-жылдын мыкты мугалими кароо сынагынын райондук туру өткөрүлдү
2022-жылдын 14-15-апрель күндөрү Базар-Коргон шаарындагы №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде “2022-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү.
Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Сансызбаева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана райондун 69 мектебинин ичинен тандалып алынган мугалимдер катышты.
Кароо-сынак жакшы өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орунду №7 Мухтар Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинин мугалими А.Салимбаева,
2-орунду №9 Ж.Асанов атындагы орто мектебинин мугалими Н.Калбаева,
3-орунду №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин мугалими С.Калматовалар ээлешти.
“2022-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук турунун катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев куттукташты жана баалуу сыйлыктарды тапшырышты.
Кароо-сынактын катышуучулары “Мугалим чыныгы агартуучу, караңгыга чырак жана жан дүйнөгө азык берүүчү бирден бир күч” экендигин айтышып, колдоолор үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов