2018-жылга пландар бекитилип, милдеттер коюлду
2018-жылдын 2-февраль күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү.
Президиум кенешмесине К. Нышанов, З.Усенов, А. Айдаров, А. Усманов, К. Зыяшева, Б. Курбанова, А.Орозова, З. Юлдашева, А.Сагынбаевалар катышышты. Президиум кеңешмесинде Ноокен райондук комитеттин төрагасы К. Нышанов 2017-жылда жетишилген ийгиликтерге токтолуп өттү жана 2018-жылга пландар бекитилип, милдеттер коюлду. 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата иш пландар түзүлүп, райондук комитеттин 2018-жылга сметасы бекитилди жана “Ден-соолук-2018” мугалимдердин спартакиадасынын райондук турун өткөрүүгө каражат бөлүндү.
Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
- Райондук комитеттин 2018-жыл иш планын бекитүү жөнүндө.
- Райондук комитеттин регламентин бекитүү жөнүндө.
- Райондук комитеттин 2018-жыл сметасын бекитүү жөнүндө.
- Кезектеги 3-ПЛЕНУМду чакыруу жөнүндө.
- Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында тармактык профсоюз уюумунун ишмердүүлүгүн сапаттуу баскычка көтөрүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорлатуу менен тармактык профсоюздун ролун күчөтүү ” жылы деп жарыяланган урандын астындагы республикалык “Региондорду өнүктүрүү жылында эн мыкты профсоюз комитет-2018” кароо-сынактын райондук турун уюштуруу жөнүндө.
- №38 ”Бүчүр”, №39 “Жетиген” жана №41 “Назик”балдар бакчасынын баштапкы профсоюз уюмдарын райондук комитеттин мүчөлүгүнө кабыл алуу.
- “Ден-соолук-2018” мугалимдердин райондук спартакиадасын өткөрүүгө каражат бөлүү.
- Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2017-жыл 21-декабрь күнү өткөрүлгөн президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.
Материалды даярдаган
Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров