Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2016-жылдын мыкты мектебин «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

      Ноокен  районунун  №6 “Арал”  орто  мектебинин  иш  тажрыйбасынын жайылтуу  максатында  2016-жылдын  14-сентябрында  “Ачык  эшиктер  күнү”   иш-чарасы  өткөрүлүп, райондун  мамлекетик   администрациясынын   башчысы-аким   А.К. Осмонов, райБББнун  башчысы  Б.С.  Козуев,  райКБКнын  төрагасы  К. Нышанов,  Арал  айыл  Өкмөтүнүн  башчысы Н.  Омурзаков,  Айылдык  Кенешинин  депутаттары,   ата-энелердин  өкүлдөрү,  райондун  55  мектептеринин  директорлору катышышты.  

      Иш-чара  “Мектептик    билим  берүүдөгү  мамлекеттин саясатын  ишке  ашыруу- жаңы контексттер  жана  жаңы  чечимдер” темасында  болуп, 1-бөлүгүнда  алдынкы  мугалимдер ачык   сабактар беришти.

       2-бөлугүндө чогулуштар  залында окуучулары  республикалык  олимпиадалардын  жеңүүчү  болгон  химия  мугалими  К.Зияшева  олимпиадаларга  даярдоо  иш  тажрыйбасынын  негизинде  практыкалык  -лабораториялык  иштерди  өткөрүп  көрсөттү.    

       3-бөлүгүндө Республикада  мектеп  формасына  өтүү   багытындагы  иштер жана  райондун  мектептеринде  ишке  ашыруунун  милдеттери жөнүндө тигүү   фирмаларынан  келген  өкүлдөр  маалымдашты.  №2  С. Ногоева атындагы , №26  Т. Анаркулов  атындагы   орто  мектептердин  директорлору  мектеп   формасына  өтүү  тажрыйбалары слайддар  менен  көрсөтүлдү.

        Райондун  акими  А.К  Осмонов    сүйлөп, мектептин   маалыматтарында  мониторингдер  терең,  көп  кырдуу   жасалгандыгы,  алдындагы  милдеттерди  так  белгиленгедиги келечек  иштерге оболго  болорун белгиледи.  “Мектептерде  окуучуларды  бирдей  формага  өтүү - бул  замандын  талабы”-  деп  белгилеп, жергиликтуу башкаруу органдары,  райондун  активтери  бул  маселени  чечүүдө көмөк  берерин  айтты. Райондун  билим  беруу  системасынын  алдындагы  милдетерине  токтолду.

РайБББнун башчысы  Б.С.Козуев  иш-чараны  жыйнтыктап,  жаны  окуу  жылында  жаңы  ийгиликтер  болорон   белгиледи.

Иш-чарадан  кийин  райБББнун  коллегиясынын  кенешмеси  болуп  өтүү. Анда

1.Жаңы  2016-2017-окуу  жылына  даярдыктын  жыйытыктары.

2.Жаңы окуу  жылынына  карата  ОШ-1  отчетуунун  журушу.

3.Райондун  билим  берүү  тармагынын  күз-кыш   мезгилине  даярдыгын  абалы   маселелери  каралып  тийиштүү  токтомдор   кабыл  алынды.

 

Материалды  даярдаган,  райКБКнын   тескөөчүсү-А.Айдаров.