10-ноябрь – Жаштар күнү
Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин демилгеси менен 10-ноябрь – Жаштар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, жаш мугалимдер жалпы 230 адам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Жылдын мыкты жаш директору - 2024”, “Жылдын мыкты жаш окуу бөлүм башчысы – 2024”, “Жылдын мыкты жаш уюштуруучусу – 2024”, “Жылдын мыкты жаш мугалими – 2024”, “Жылдын мыкты жаш тарбиячысы – 2024”, “Жылдын мыкты жаш класс жетекчиси – 2024”, “Жылдын мыкты жаш китепканачысы – 2024”, “Жылдын мыкты жаш социалдык педагогу – 2024”, “Жылдын мыкты жаш профкому – 2024” номинациялары тапшырылды. Андан сырткары алдынкы жаш мугалимдер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана 4 жаштар кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Иш-чара концерттик программа жана оюн-зооктор менен коштолду.
Иш-чараны жогорку денгээлде уюштуруп, өткөрүүдө көмөк көрсөткөн Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышановго, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андаровага ыраазычылык билдиребиз.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын жаштар кеңеши