Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү

“Эл аралык балдарды коргоо күнү” жыл сайын жай айынын биринчи күнүндө белгиленет. 2018-жылдын 1-июнь күнү Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнүн “Жаштык” эс алуу паркында “Балдарды коргоо күнүнө” карата “Биз бактылуу балдарбыз” аттуу иш чара уюштурулуп, эки этапта  жогорку денгээлде өткөрүлдү.

Биринчи этабында  “Жаштык” эс алуу паркында Масы балдар билим борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.

Экинчи этабында “Жаштык”  кинотеатрында 120 окуучунун катышуусунда асфальтка сүрөт тартуу, конструктор жасоо тогуз коргоол, шахмат, шашки, кол күрөш, аркан тартмай оюндары өткөрүлдү.

Майрамга КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Камбаров, Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев,  Жалал-Абад ДМЧ коомдук бирикмелер ассосациясынын директору  Ж. Жаркулова, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К. Райимкуловдор келип катышышып, балдарга куттуктоо сөздөрүн айтышты. Балдарга ар түрдүү белектер, шириндиктер берилди.

Материалды даярдаган

Масы балдар билим борборунун профкому Б. Кудайбердиева