ОГПИ мен ойлогон окуу жайлардын арасында

17-сентябрь КРнын вице премьер министри Ниязалиева Дамира Абаскановна, КРнын билим берүү министрлигинин стат-катчысы Калыс Шадыканов, Ош шаардык билим берүү башчысы Куштарбек Кимсанов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан кабар алды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
18.09.2015 1371 Кесиптик бирлик региондордоДанияга саякат

Ноокен районунун билим берүү тармагы Даниянын “Европейский Дом” Эл аралык коомдук уюму менен 2013-жылдан тыгыз байланышта иштеп, социалдык колдоого муктаж болгон балдардын проблемаларын биргелешип чечүүдо ийгиликке жетишүүдө. Эл аралык уюмдун чакыруусу боюнча Ноокен районунун делегациясы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К. Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С. Козуев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Ирисалиев, Бүргондү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаев, Ж.Ниязов атындагы көмөкчу жатак мектебинин директору Э.Абдурахманов, мектептин психологу Н.Каримкуловтор 2015-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Данияда болуп келишти.
18.09.2015 1234 Кесиптик бирлик региондордоИскусство факультетинде Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун искусство факультетинде белгилүү, залкар ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык концерти тартууланды. Кечеге ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, искуcство факультетинин деканы К.Курбанбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаев, профессор Т.Кадырбаева, факультеттин окутуучулар, студенттер жамааты, атайын келген коноктор катышышты.
18.09.2015 1459 Кесиптик бирлик региондордо6-съездин чечимдери турмушка!

2015-жылдын 10-12-сентябрь күндөрү Ноокен районунун баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагаларынын райондук семинарлары “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин 6-съездинин чечимдерин турмушка ашыруу –негизги милдет” темасында өткөрүлдү. Семинарлар 3-тайпага бөлүнүп №44 Акчабаев атындагы орто мектебинин, №3 Алибаев атындагы орто мектебинин, №2 “Ак -Куу” бакчаларынын базасында уюштурулуп, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун 6-съездинин материалдары жөнүндө съездин делегаты райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов фотоотчеттук материалдар менен маалымат берип, алдыдагы милдеттерге токтолду.
17.09.2015 1656 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат сыйлыгына ээ болду

Сыйлык тапшыруу аземинде КРнын премьер-министри Темир Сариев «Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы 14 жылдан бери тапшырылып келет. Жыл сайын белгилүү бир тармак тандалып алынып, өз ишинде сапаты менен айырмаланган ишканалар сыйланат. Быйыл болсо сынак “Сапаттан өнүгүүгө карай жол” деген ураандын алдында саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш, чекене соода жана коомдук тамактануу тармагындагы тейлөө багытында сапаты менен айырмаланган ишкана жана мекемелерди сыйлап жатабыз», – деди.
04.09.2015 1511 Кесиптик бирлик региондордоОшМУнун бардык окуу имараттарында Билим күнүнө карата жыйындар болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда университеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы 1-сентябрь “Билим күнүнө” карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. Университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди жана университеттин окутуучулар жамаатын Билим күнү жана Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгы менен куттуктаган ректор Каныбек Исаков жаңы окуу жылына карата атайын кайрылуусу менен тааныштырды.
01.09.2015 1601 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде “Август-2015” педконференциясы

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 2015 -жылдын 19-августунда Нефтчилердин маданият сарайында билим берүү кызматкерлеринин “Август -2015” педагогикалык кенешмеси “Кыргызстандын билим берүү : жеткиликтүүлүгү ,сапаты жана атаандаштыка жөндөмдүүлүгү” темасында 422 делегаттардын катышуусунда болуп өттү
21.08.2015 1338 Кесиптик бирлик региондордоЭмгек акынын көтөрүлүшү боюнча өткөрүлгөн семинар

Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитети Кемин райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун 9 июль 2015-жыл № 473 токтомунун ишке ашырылышы боюнча мектеп директорлору,окуу-бөлүмүнүн башчылары,балдар бакчаларынын башчылары менен семинар өткөрүлдү. Семинарда Билим кызматкерлер профсоюзунун төрайымы №473 токтомдо көрсөлүлгөн эмгек акынын жогорулашы боюнча
19.08.2015 1242 Кесиптик бирлик региондордоАймактык семинар ѳткѳрүлдү

Жай мезгилинде Ала-Бука районунун базасында Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын жетекчилери, райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнүн кадрдык иштерди тейлеген адистер, мектеп директорлорунун ѳкүлдѳрү катышты
18.08.2015 1197 Кесиптик бирлик региондордоОблустук семинар жемиштүү аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Базар-Коргон районундагы «Арстанбап» пансионатынын базасында жаӊыдан шайланган облустагы баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилерин үйрөтүү боюнча кезектеги семинар обкомдун уюштуруусунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага район, шаардык комитеттерден жана окуу жайлардан 40 жетекчи чакырылды.
13.07.2015 1751 Кесиптик бирлик региондордоКасым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракеси

2015-жылдын 13-июнунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун 75 жылдык юбилейине карата салтанаттуу иш чара К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун музейинин жана көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталып, ЫМУнун окутуучуларынын жана студенттеринин илимий-изилдөөчүлүк, ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердигинин жыйынтык көргөзмөсү жана ЫМУнун спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи менен улантылды.
26.06.2015 3453 Кесиптик бирлик региондордо