«Ысмайыл Ата» стипендиясы ОГПИге 3жылдан бери берилет

«Ысмайыл Ата» кайрымдуулук фондунун стипендиясы 2013-жылдан бери Карасуу районунун акими Тилек Матыраимов тарабынан аз камсыз болгон студенттерге берилет. Бул туураалуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
20.11.2015 2053 Кесиптик бирлик региондордоОГПИге 90 жыл

А.Ш.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 90 жылдык маарекесине карата «Азыркы коомдук – маданий шартта үзгүлтүксүз билим берүүнүн проблемалары» аттуу эл аралык илимий - практикалык конференция 12- ноябрь күнү болуп ɵтту.
19.11.2015 1261 Кесиптик бирлик региондордоМУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим.
19.11.2015 87816 Кесиптик бирлик региондордоБаа жеткиз эрдик

Баткен шаарынын Зар-Таш айылындагы чакан гана «Айкөл» бала бакчасы. Бир убактарда таштанды имаратка айланган бул имаратты ирээтке келтирип, жасалгалап, күнү-түнү чыгармачылык менен эмгектенип, ушундай кооз, таза, айылдын бактылуу балакайлары билим ала турган билим мекемесине айландырган Абдибалиев Эмилбек агайдын эрдигин баалап айтып кетпесек болбойт. Келечекти ойлосоң бала окут деген дей агай бир топ жыл ОГПИде эмгектенип эми минтип айылына «Айкөл» балдар билим мекемесин ачып отурат. Албетте бул баасы жеткиз
19.11.2015 1743 Кесиптик бирлик региондордоТүшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Каракол шаардык профсоюз комитетинин жыйындар залында шаардагы мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары үчүн уюштурулган семинар болуп өттү. Семинар жагымдуу жагдайда баарлашуу менен башталды. Мугалимдер базар баасынын күн санап өсүп турган маалында айлык эмгек акынын 50 пайызга көтөрүлүшү кадимкидей эле сезилип калганын айтып кубанып отурушту.
18.11.2015 1688 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай райондук билим берүү профсоюз комитети тарабынан окуу бөлүмүнүн башчыларына семинар өткөрүлдү

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети жана борборлоштурулган бухгалтерия менен биргеликте райондогу Бирлик, Көтөрмө жана Орозбеков айыл өкмөтүнүн жана Кадамжай, Хайдаркан шаарынын мектептеринин окуу бөлүм башчыларына “Айлык акылардын туура эсептелиши” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга жалпысынан Кадамжай районунан 31 мектептин окуу бөлүм башчылары катышып
18.11.2015 1719 Кесиптик бирлик региондордоСтуденттердин майрамына карата жатаканалар ортосунда спорттук мелдеш уюштурулду

17-ноябрь-Студенттердин эл аралык күнүнө карата КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте ОшМУнун студенттик жатаканалары ортосунда 16-ноябрь күнү «Келечекке карай-наркотиксиз» аттуу спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өткөрдү.
18.11.2015 1193 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда Конфуций институтунун жаңы имараты курулат

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасындагы Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгында болуп, Ханьбандын башкы директорунун финансы иштери боюнча орун басары Ван мырза менен жолугушту.
18.11.2015 1701 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда «Ак ниет» стол теннис спорт клубу ачылды

Ош мамлекеттик университетинде «Ак ниет» стол теннис спорт клубунун ачылуу аземи болуп, ага ректор Каныбек Исаков, Ош шаары жана Ош облусундагы стол тенниси боюнча федерациянын президенти, т.и.д, профессор И.Кенжаев, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Ошол эле учурда атайын профессионал клубдар ортосунда мелдеш өтүп, мелдешке Бишкек, Ош, Баткен, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Суу, Көк-Жаңгак шаарларынан келген 8 команда катышышты.
18.11.2015 1204 Кесиптик бирлик региондордоН.Исановко арналган Эл аралык турнир

Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» спорт комплексинде 2015-жылдын 5-8-ноябрында Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Н.Исановдун жаркын элесине арналган спорттун бокс түрү боюнча 2000-2003 ж.туулган балдардын арасында Эл аралык турнир өткөрүлдү. Аталган турнирге боордош Казакстан, Таджикстан жана Кыргыз Республикасынан мушкерлер келип катышышты.
18.11.2015 1379 Кесиптик бирлик региондордоБишкек шаарынан жана облустардан келген жаштар ОшМУ менен жакындан таанышып кайтышты

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Бишкек шаарындагы жана облустардагы жогорку окуу жайлардан жана мектептерден конок катары келген улан-кыздар менен жолугушту.
18.11.2015 2267 Кесиптик бирлик региондордо