«Ысмайыл Ата» стипендиясы ОГПИге 3жылдан бери берилет
«Ысмайыл Ата» кайрымдуулук фондунун стипендиясы 2013-жылдан бери Карасуу районунун акими Тилек Матыраимов тарабынан аз камсыз болгон студенттерге берилет. Бул туураалуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Бул фонд 2013-жылы уюштурулуп, окуу жайлардагы аз камсыз болгон студенттерге 1-курстан 5-курска чейинки окуу жылындагы толук түрдөгү контрагын төлөп берет.
Учурда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 8 студентине 18000 сомдон толук төлөнүп берилди. Ушундай эле стипендия былтыры дагы 4 студентке берилген.
Мындай кайрымдуулукту жасаган Карасуу районунун акими Тилек Матыраимов Ысмайыловичке жана «Ысмайыл Ата» кайрамдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирет.