Жер титирөөдөн жапа чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
2015-жылдын 17-ноябрь күнкү жер титирөөдөн жапа чеккен Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу жана Катта-Талдык айыл аймагында жашап жаткан билим берүү кызматкерлери менен 2016-жылдын 17-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулдов Асылбек Токтогулович жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө 3-4 даражада жапа чеккен билим берүү тармагында эмгектенип жаткан 50 кызматкерлерге акчалай гуманитардык жардам көрсөтүлдү.