Жардам көрсөтүлдү
Ош областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан 2024-жылдын 18-мартында ОшМУ, ОшТУ, Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ, ОшМПУнун социалдык жардамдарга муктаж 27 кызматкерине күндөлүк турмушка колдонулуучу азык-түлүк баштыкчалары Рамазан айына жана Нооруз майрамына карата уюштурулду.
Азык-түлүк баштыкчаларын Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев иштерине ийгиликтерди каалоо менен тапшырды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети