Жардам көрсөтүлдү
2022-жылдын 20-октябрында чек ара чырында турак жайы жабыркаган 20 билим берүү кызматкерлери "Жалал-Абад" санаториясына жол чыгымдары комитеттин эсебинен төлөнүү менен жөнөтүлдү. Ушундай кыйын кырдаал учурунда ден соолуктарын чыңдоого шарт түзүп берген Борбордук комитеттин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичке, Борбордук комитеттин аппараттына жана областтык комитеттин төрагасы Бөтөков Завиридин Насыровичке терең ыраазычылыктарын билдиришти. Буюрса, жакынкы күндөрдө дагы турак жайы жабыркаган 25 билим берүү кызматкери ден соолугун чыңдоо алдында турат.
Малыматты даярдаган: Лейлек райондук профсоюз комитети