Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жардам берилди

2022-жылдын май айында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел каптоодон Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин да турак жайы жабыркады. Окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, жабыркаган үй-бүлөлөр такталып, комитеттин төрайымы М.Маткаримова баш болгон топ алардын абалынан кабар алып, комитеттин президиумунун мүчөлөрүнүн атынан материалдык колдоо көрсөтүп келди. Алар Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын тургундары. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин 2022-жылдын 18-майындагы №5 кеңешмесинин чечими менен турак жайы селден жабыркаган тогуз үй-бүлөгө акча каражаты комитеттин бюджетинен материалдык жардам катары бөүнүп, ар бир кызматкерге берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети