ЖАМУ: Баткен элине гуманитардык жардам!
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректораты менен профсоюздук комитетинин демилгеси боюнча окуу жайдын жамаатынын атынан Баткен элине гуманитардык жардам катары азык-түлүк жөнөтүлдү.
ЖАМУнун кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын атайын эсепке которуу маселеси каралууда. Күч - биримдикте! Баткен элинин өз позициясында бекем турган кайратына ишенебиз!
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова