Социалдык өнөктөштөр билим берүү тармагын ар дайым колдойт.
Социалдык өнөктөштөр билим берүү тармагын ар дайым колдойт.
2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата, ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу мектептерде өтүлүп жаткан онлайн сабактардан кыйналган көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга Достук айыл өкмөтү 6 даана, Шайдан айыл өкмөтү 10 заманбап уюлдук байланыш телефонун алып беришти. Андан сырткары балдарга окуу куралдары да алынып берилди. Ошондой эле Сакалды айыл өкмөтү 8 даана, Кочкор-Ата шаары 10 даана уюлдук байланыш телефонун жакынкы күндөрү алып берүүсүн билдиришти.
Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакиров