Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Сел кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам берилди

2022-жылдын 8-май күнү Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.С.Жаркымбаев баш болуп Базар-Коргон районундук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана райондогу мектептердин директорлору, мугалимдери, жалпысы болуп 245 билим берүү кызматкерлеринин жардамы менен Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айыл аймагындагы сел кырсыгынан жабыр тарткан тургундардан кабар алып, 27 үйдүн жана бир мектептин, бала бакчанын айланасын тазалоого көмөк көрсөтүштү. 

Сел кырсыгынан жабыр тарткан тургундар өз кезегинде билим берүү кызматкерлерине жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов