Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз мүчөбүзгө колдоо көрсөтүлдү

“Жаш талант” балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Мураталиева Калыс талыкпай эмгектенип, окуучуларды республикалык жана эл аралык деңгээлдеги конкурстарга, фестивалдарга алып чыгып, билим берүү тармагына салым кошуп келе жаткан. Азыркы учурда онкология оорусу менен ооруп, дарыланып жаткан кези. Дарылануу үчүн каражатка муктаж болуп жаткандыгына байланыштуу профсоюз мүчөбүздөн кабар алып, ден-соолугун сурап, колдоо максатында колдоо иш-чарасы уюштурулду.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев, профсоюз мүчөбүз К.Мураталиеванын дарылануусу жакшы өтүп, ден-соолугу чыңдалып келишин каалады. “Профсоюз комитети” мүчөлөрүнүн эмгектерин баалап, колдоп келерин айтып, материалдык жардамды тапшырды.

Профсоюз мүчөбүз  К.Мураталиева колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыгын билдирип, профсоюздун иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматы даярдаган: К.Асыранкулов