№119 дудук-дүлөй балдардын жатак мектебине материалдык жардам көрсөтүлдү
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан Кара-Суу районундагы дудук-дүлөй балдардын жатак мектебине материалдык жардам көрсөтүлдү. Жатак мектептин эмгек жааматынын атынан мектептин директору Ш.Бекажиев ыраазычылык билдирди. Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин жааматына жана бардык мугалидерге ийгиликтерди каалады.
Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети