Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Эмгек укугун коргоо – кесиптик бирликтин көңүл борборунда

2024-жылдын 14-майында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан жарыяланган "Эмгекти коргоо" айлыгынын алкагында "Кесиптик бирлик- билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана  кызыкчылыктарын коргоонун кепили" семинары өттү.

Семинарга кесиптик бирликтин баштапкы уюмунун торагалары, кесиптик бирликтин активдери, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Жумгал райондук комитетинин төрайымы Б.Жамантаева, Кочкор райондук комитетинин төрагасы З.Табалдиев жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Турсуналиев катышты.

Семинарда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова "Кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили" темасында кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берип өттү. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Г.Такырбашева "Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин коргоо" боюнча маалымат берип, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Эмгекти коргоо боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын төрагалары жана кесиптик бирликтин активинен келген суроолорго  кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин социалдык - экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева жана райондук комитеттердин төрагалары жоопторду беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети