Бухгалтердик иш кагаздарын жүргүзүү семинары
2025-жылдын 17-январынан 22-январына чейин КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан кесиптик бирлик комитеттеринин каржылык ишмердүүлүктөрүн камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областтык, райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери үчүн бухгалтердик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу-семинарлары өткөрүлдү.
Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областтык, райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышышты.
Окутуу-семинарда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова тарабынан каржы иштери боюнча иш кагаздарын жүргүзүү тартиби боюнча кеңири маалыматтар берилип, практикалык жардамдар көрсөтүлдү. Семинар кесиптик бирлик комитеттеринде каржылык иш-кагаздарынын аткаруу тартиби, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдарды төлөө тартиби, сапар чыгымдарын төлөө нормалары жана башка маселелер боюнча атайын даярдалган слайддык материалдар менен маалыматтра берилди.
Семинар практикалык иштер менен айкалышып, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Ал эми ушул эле окутуу-семинары 2025-жылдын 25-30-январына чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад областтык райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери үчүн дагы уюштурулмакчы.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети