Баткен: "Эмгек укуктары айлыгы"
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Эмгекти коргоо боюнча бир айлык жарыялоо жөнүндөгү” 2024-жылдын 29-апрелиндеги №4/1 токтомунун негизинде 2024-жылдын 13-майында Баткен Мамлекеттик Университетинин жыйындар залында “Эмгек укуктары кербени” аталышында Баткен областындагы билим берүү мекемелеринин директорлору, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага,төрайымдары менен жыйын өткөрүлдү.
Бул иш чараны Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков ачып Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, кесиптик бирликтин иштерин социалдык өнөктөштөр менен биргеликте мындан ары активдештирүү милдеттерине токтолду.
Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин окутуучусу, юридика илиминин кандидаты Качкын кызы Гульназ Эмгек укуктары боюнча слайд, видео роликтер менен кеңири маалымат беришти.
Бул иш чарага Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жээмуратов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов,Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Турдубаев, БатМУнун проректору Миралы кызы Анара, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Баткен областындагы өкүлү А.Пинназаров жана райондук,шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышышты.
Иш чаранын соңунда көптөгөн суроолор берилип ал суроолорго Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов тарабынан жеткиликтүү түшүндүрүлүп, мыйзамдардын беренелеринин күндөлүк жумуштарында пайдаланылышы боюнча мисалдар менен кеңири жооптор берилди.
Баткен областындагы Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрү тарабынан ушундай иш чараны уюштургандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевге жана Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркуловго терең ыраазычылыктар айтылды.
Маалыматты даярдаган: Гапарали уулу Мансур, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин адиси