Эл аралык кызматташтык бекемделүүдө
Өзбекстандын Кесиптик Бирликтер Федерациясынын Наманган областтык кесиптик бирликтер Бирикмеси менен 2022-жылдын 10-июнунда түзүлгөн Макулдашуунун негизинде кызматташтыкты бекемдоо максатында, Кыргыз Республикасыннын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад областтык комитетинин иш планынына ылайык райондук, шаардык комитеттердин төрагалары жана областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери Жалал-Абад областында жаңыдан түзүлгөн “Бай-Мурас” туристик мекемеси менен өнөктөштүктө Ташкент жана Самарканд шаарларына экскурсияларды уюштуруу иш -тажрыйбалары үйрөнүлдү.
Өзбекстандын туристик фирмалары менен тажрыйбалар алмашып, ой-пикирлер бөлүшүлдү.
2024-жылдын 2-5-май күндөрү Ташкент жана Самарканд шаарларынын тарыхый, кооз, маданий, ыйык жерлерине саякаттар уюштурулду. Саякаттар Өзбекстандын туристик фирмалары жана Кырызстандын “Бай-Мурас” туристик мекемесинин жооптуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылды.
Жалал-Абад-Андижан-Ташкент-Самарканд маршуруту боюнча экскурсиялык эс алууларда “Бай-Мурас” туристик фирмасынын автоуналары кызмат көрсөтүштү.
Кыргызстандын билим берүү кызматкерлериинин “Жайкы эс алуу-2024” иш-чараларынын алкагында Ташкент жана Самарканд шаарларына экскурсиялык эс алууларды уюштуруу максаттары белгиленди. Жалал-Абаддык профлидерлер Өбекстандын жана Кыргызтандын туристик фирмаларына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: А.Айдаров, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору