Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Каржылык отчеттуулукту жакшыртууга багытталган окутуу-семинарлар

2025-жылдын 27-январынан 31-январына чейин Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынын Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарынын райондук, шаардык, жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери үчүн бухгалтердик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу-семинарлары уюштурулду.

Окутуу-семинардын максаты – кесиптик бирлик комитеттеринин каржылык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, бухгалтердик отчеттуулукту жана документтерди так жүргүзүүнү камсыз кылуу жана каржылык саясатты сапаттуу жүргүзүүгө кам көрүү.

Окутуу-семинарын КР Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова өтүп, каржы иштери боюнча иш кагаздарын жүргүзүү тартиби жана башка маселелер боюнча кеңештер берилип, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М. Примкулов катышып, ал өз сөзүндө  мындай иш-чаралардын кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана бухгалтериялык отчетту сапаттуу жүргүзүүгө чоң жардам берерин белгиледи. Ал өз сөзүндө каржылык маселелерди жеткиликтүү жана ачык жүргүзүү ар бир кызматкердин жоопкерчилигинде экендигин кошумчалады.

Каржылык саясатты сапаттуу жана ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган окутуу-тренингинин алкагында, катышуучулар каржылык документтерди туура жүргүзүү боюнча жаңы билимдерге ээ болуу менен, аны так жана эффективдүү жүргүзүүнү үйрөнүштү.

Жаңы билимдер кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, алдыга жылдырууга чоң өбөлгө түзөт.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети