Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАМУ: Ректордун иш сапары ийгиликтерге үндөйт!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усенов Кыргыыз Рееспубликасынын билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев жетектеген топ менен Пакистанга  иш сапарга барды.

Эки тараптуу жолугушууда Пакистандын билим берүү жана кесиптик-техникалык билим берүү министри Шафкат Махмуд  жана жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен   орто жана жогорку билим берүү, кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташуулар, алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда алмашуулар  тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Пакистандык Медициналык комиссиясынын “кара тизмесинен” Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын чыгаруунун жолдору жана Пакистандык студенттердин Кыргызстанда окуусу үчүн шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Сапардын натыйжалуулугу ЖАМУнун кызматкерлерин  ийгиликтерге үндөйт!

 

 

Даярдаган: Н.Д.Баитова? Жалал-Абад шаары.  Февраль, 2021-жыл.