Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

УУЛУ ЖЕНИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

УУЛУ ЖЕНИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

ЖЕНИШКЕ САЛЫП, САЛЫМДЫ ЧОН АТАМ МЕНЕН ТАЙ АТАМ

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН КАТЫШУУЧУСУ ЖАНА ЭМГЕКТИН АРДАГЕРИ

МЫРЗАТАЕВ СУЛТАМУРАТ МЕНИН ЧОН АТАМ.

Мырзатаев Султанмурат 1923-жылы Аксы районундагы Ак-Жол айылдык өкмөтүнө караштуу Сөгөт айылында туулган. Кичи-Ак-Жол айылындагы башталгыч мектептен билим алып, 17 жашында өз каалоосу менен согушка аттанган, Сталинград шаарын бошотуу үчүн болгон аёосуз салгылашууда жарадар болуп кайтат. Ошол кезде эр азаматтардын баарын, анын ичинде эмгекке жарамдуу кары-жашты да кыйраган шаарларды калыбына келтирүү үчүн эмгек фронтуна жөнөтүп жаткан болот. Алардын арасында атасы Мырзатайдын ордуна өз өтүнүчү менен суранып келип Уфа шаарына жөнөтүлөт. Дал ошол шаарда эмгектенип жүрүп эл менен бирге жеңишти тосуп, мекенине келген. Султанмурат ата алгачкы эмгек жолун заготовитель болуп иштөө менен баштаган. Жумушка болгон жоопкерчилиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып директорлукка чейин көтөрүлгөн. Кызматка жана жумушчуларына болгон аяр, ак көңүл, боорукер мамилесинин негизинде азыркы Тегене, мурунку Сталин колхозунда башкарма болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген. Андан кийин Сталин жана Кичи-Ак-Жол колхоздору бириккендигине байланыштуу башкарманын орун басары болуп дайындалат. Көп өтпөй Ленинчил жаш колхозуна башкармалыкка көрсөтүлгөн, андан соң Кызыл-Жар колхозунда кыйла жыл башкарма болуп иштеген. 1952-жылы партия мүчөлүгүнө кабыл алынып, эл муктаждыгына эң эле керек болгон иштерди жолго салган. Анын бири айылына алгачкылардан болуп фельдшерлик пункт ачтырып, өз очогу болгон үйүнүн бир бөлмөсүн бөлүп берип, анда Сатан аттуу жаш жигиттин ал жерде иштеп калуусуна шарт түзгөн (а кишинин көзү тирүү). Элге жасаган эмгектери эске алынып, Жаңы-Жол райондук керек-жарак коомунун төрагалыгына ишеним менен бекитилип, ак жүрөгү менен эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдары Кичи-Ак-Жол айылында ачылган тоют цехинде

башчылык кылган. Бул кишинин адамдык бийик касиеттери кандай жумуш болбосун алга жылдырууга дем берип, ийгилик гана алып келчу. 1982-жыл өтө оор жылдардан болуп, кургакчылыктын кесепетинен ар бир айыл өкмөтүнөн куралган топтор тоют топтоо бөлүмүнүн демилгеси менен бийик тоолуу Суусамыр өрөөнүнө жөнөтүлгөн. Ошол топко жетекчи катары барып келүүсүн суранган бригадирликтин өтүнүчүн өтө ак көңүл, боорукер мүнөзү менен кабылдап, ден-соолугунун начарлап турганына карабастан жөнөп кеткен. Ал жердин климаты, жашоо шарты оордугуна чыдабай канчалар кайтып келүүгө мажбур болушкан. А кишинин кан басымы жогорулап турса да чоң жоопкерчилик жана чыдамкайлык менен 1 ай болуп, кан басымы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу күтүүсүздөн кайтпас сапарга узап кетти, 60 жашка жетпей, уул-кыздарынын урматын көрбөй арманда кетти… Султанмурат абанын артында уул-кыздары, неберелери, чөбөрөлөрү калды. Эл ичинде «Артыңда кызың калса изиң калганы, уулуң калса өзүң калганың» деген акыйкат сөз бар, демек, Султанмурат акенин артында өчпөс изи да, өлбөс өзү да калды, экинчи өмүрү уланып жатат. Уул-кыздарынын дээрлик баардыгы жогорку билимдүү: бухгалтер, педагог, товаровед, врач сыяктуу ар кандай кесиптин ээлери, ата жолун улап, чыйырын өчүрбөй келишет. Ата тегине кайрыла турган болсок, атасы Мырзатай, апасы Санамбү өз убагында Аксы району боюнча депутаттыкка шайланып, ушу азыркы күнгө чейин аны билген адамдар «депутат энебиз» деп эскеришет. Тай жагына кайрыла турган болсок, Аксыдагы айтылуу Аймамбеттин раббаты деп күнү бүгүн да айтылып жүргөн жердин ээси Аймамбет Султанмурат абанын таятасы болгон, демек, тектүү кишилердин уругун улаган, өз доорунун кызматын ак өтөгөн урматтуу адам болгон, ошол турмушунда түптөгөн чыйыры өчпөй изи калып, эли унутпай атын өзү баскан көчөсүнө ыйгарып жатканы эле буга чоң далил.

Чон атам бар аты анын Султамурат

Башты ийкеп тосуп алат жолдо турат

Аты калды кочосундо очпой изи,

Жолун ачты небересин колдоп турат.

 

Эстейбиз бизда женишти

Атаалар женип келишти

Келечек учун жандарын,

Жан курман болуп сезишти

 

 

(созу;Таалай Султамуратов)

 

Эргешбаев Турманбет Эргешбаевич менин тай атам

Согуш башталганда Эргешбаев Турманбет мугалим болгондуктан, согушка жонотуу мооноту улам убактылуу артка жылдырыл жаткан. Бирок озу аскер комиссариатына арыз менен кайра кайра кайрылып жатып Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы февральда 21 жашында жоногон. Согушта маршал К.Рокоссовский жетектеген Украина, Белорусь фронтунда кызмат отогон. Согушта далай кармаштарга катышып, жакын жарылган бомбададан контузия алып, ошондон улам тутукунга тушкон. Коптогон азап-тозок коруп, АКШдан СССРге, Владивостокко келген сон И.Сталиндин ашыкча катаал мыйзамы боюнча миндеген советтик жоокерлер сынары эле эркинен акыйкатсыз ажыратылып , Ыраакы Чыгышта сегиз жыл жашап мекенге 1953-жылы кайткан.

Менин тай атам акындык онору болгон эле, ырларды коп жазган экен жакында ырларын чогултуп «Аалам кезген адамдын тагдыры» деген ыр жыйнагы жарык корду ошол ыр саптарынан узунду

Кереги жок согуш жана жанжалдын,

Айтаар созу адилеттуу ар жандын.

Жетишпейби,жер жузундо белгилуу,

Тогулгону откондогу кандарын!

 

 

Ким билбесин согуш ажал экенин,

Адам чиркин кызыл канды кечээрин.

Эчен жылы зорго буткон жайлардын,

Бир заматта кулго айланып кетээрин.

 

Кагылышта, кан майданда,кармашта,

Согуш жалмайт адамзаттын неченин.

Алибетте,басып кирсе кас,душман,

Ким коргобойт туулуп-оскон Мекенин!

 

Чиркин жан,омур отуп болсо кайып,

Алган жар созолонсо чачын жайып.

Артымда уулум калып,кызым калып,

Кайтса дейм бейитиме белги сайып

( созуТ.Эргешбаев)

“Ата Мекенге Улуу жеңишти алып келген аталарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз! Атабыздын жаркын элеси элинин, уул-кыздарынын небере-чөбөрөлөрүнүн эсинде түбөлүккө сакталат!” - деп небереси Султамуратов Таалай эскерет.

Султамуратов Таалай Аксы райондук билим,илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин бухгалтери болуп иштеп келе жатат.