Урматтуу кесиптештер!
КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди майрамыңыздар- Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктаймын!
Тармактык профсоюздун башкы максаты – билим берүү жана илим кызматкерлеринин жашоо деңгээлдерин жогорулатуу, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, эс алууга, ден соолуктарын чыңдоого жана эмгектенүүлөрүнө коопсуз шарттарды түзүүгө укуктарын коргоо болуп келген жана мындан ары да ал иштер ырааттуу улантылмакчы.
Азыркы учурдун өтө ыкчам өнүгүп жатышы тармактык профсоюздун алдына жаңы чакырыктарды жана жаңы талаптарды: билим берүү жана илим кызматкерлеринин эмгек акы деңгээлдерин жогорулатууну, аймактарда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү аркылуу биздин педагогдорубузду мыйзамдуу жеңилдиктер жана кепилдиктер менен камсыз кылууну, биз баарыбыз жапырт ыкчам жана өз убагында кирише турган билим сапатын жогорулатууну коюп олтурат.
Региондорду өнүктүрүү жылында профсоюздук кыймылга жана тармактык профсоюздун ролунун жогорулашына кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, жеке бакты-таалай, профсоюздук ишмердигиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Төрага Асылбек Токтогулов
Уважаемые коллеги!
От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР и от себя лично поздравляю Вас с праздником – Днём работников социальной защиты и профсоюзов Кыргызской Республики!
Главная цель отраслевого профсоюза всегда была и остаётся - повышение жизненного уровня работников образования и науки, защита их законных интересов, право на отдых, оздоровление и безопасные условия труда.
Динамичность современной жизни постоянно выдвигает перед профсоюзом отрасли все новые вызовы и новые требования: увеличение уровня заработной платы работников образования и науки, обеспечение льготами и гарантими наших педагов через развитие в регионах социального партнёрства, на повышение качества которого нам необходимо оперативно и своевременно реагировать.
Спасибо за вложенный вами труд в профсоюзное движение и усиление роли отраслевого профсоюза в Год развития регионов.
Желаю Вам здоровья, личного счастья, успехов в профсоюзной деятельности!
Председатель Асылбек Токтогулов.