Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Урматтуу Бегматов Анарбай Турдубаевич!

Урматтуу Бегматов Анарбай Турдубаевич!

Сизди Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  борбордук комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү күнү белгиленип жаткан 70 жылдык кутман курак  мааракеңиз менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Кесиптик бирликтик коомчулук сизди иште алдына адам салбаган, терең эрудициялуу, маселенин уңгусун кармай билген, ой-чабыты кенен, өзүнө гана таандык мүнөзү бар, оор-басырыктуу жүрүм-туруму менен башкалардан өзгөчөлөнгөн кызматкер, адамгерчилиги бийик, өз позициясынан тайбаган  инсан катарында  баалайт!

 Учурда  сиз кесиптик бирликтин  Жалал-Абад областтык комитетинин комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматын ийгиликтүү аткарып, билим жана илим кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоону акыйкаттык жана күжүрмөндүүлүк менен ишке ашырып келе жаткандыгыңызга күбөбүз. Сиздин бул тармакта  жараткан ийгиликтериңиз биз үчүн чоң сыймыктанууну жаратат жана кубантат.

Биз сиздин жогорку адамдык паразатыӊызды, таразадай так мамилеӊизди, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон мамилеңизди , ата-энедей кайталангыс камкордугуӊузду, кызматта аткара турган иштерди чебер үйрөтүүӊүздү абдан жогору баалайбыз!

 Кымбаттуу  Бегматов Анарбай Турдубаевич!

Сизди дагы бир жолу 70 жылдык кутман курак маарекеңиз менен куттуктап, бакубат жашоо,  чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз! Ушундай улуу күнү, Сизге темирдей бекем ден соолук, узун өмүр, уулдан урмат, кыздан кызмат, неберелерден ажайып күлкү, кызматыӊызга үзүлбөгөн, энчиленген ийгиликтерди, профсоюздук бекем биримдикти каалайбыз!

 

 

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин   
кесиптик бирлигинин
 борбордук комитетинин төрагасы          М. Примкулов